30
Май
Азербайжандын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады
Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Новруз Мамедов Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:
«Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич,
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңызга байланыштуу менин чын дилден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.
Биздин элдерибизди байланыштырып турган достук жана өз ара алакаларынын салттары Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы эки жактуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызмат өтөөрүнө ишеним билдирем.
Учурдан пайдаланып менин Азербайжан Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыма байланыштуу Сиздин куттуктооңузга жана ак тилектериңизге ыраазычылык билдирип, Сизге бекем ден соолук, бакыт жана Кыргызстандын боордош элинин бакубатчылыгы үчүн ишмеригиңизде ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат билдирүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү