28

Февраль

2020

Азия чемпиону Улукбек Жолдошбековду Теңир Тоо эли урмат-сый менен тосуп алды

Үстүбүздөгү жылдын 18-23-февралында Индиянын Нью-Дели шаарында өткөрүлгөн күрөш боюнча Азия чемпионатында Теңир Тоодон чыккан жаш спортчу Улукбек Жолдошбеков атаандаштырынын баарын жеңип чыгып, Азия чемпиону болду.

Кыргызстандын намысын коргоп, алтын медаль менен кайткан Улукбекти бүгүн Теңир Тоо эли өзгөчө урмат-сый менен тосуп алды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов бул жеңиш кыргызстандыктарды сыймыкка бөлөп, көздөрүнөн кубанычтын жашын тегереткенин, ар бир ийгиликтин артында зор эмгек тураарын белгилеп, Улукбекке ден соолук каалады. Чемпионго ак калпак кийгизип, “Нарын облусунун Ардактуу атуулу” наамын жана 20 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгын тапшырды.

Иш чарада Нарын шаардык мэриясы жана шаардык Кеңеши тарабынан Улукбек Жолдошбековго 100 миң сомдун, анын машыктыруучусу Мирбек Акиевге 50 миң сомдун сертификаты, ошондой эле спорт демөөрчүлөрү тарабынан 400 миң сомдун, Нарын шаарындагы С. Бекмамбетов атындагы спорт мектеби тарабынан 70 миң сомдун сертификаттары ыйгарылды.

Чемпионго коомчулук, өзүнүн машыктыруучулары, мугалимдери тарабынан каалоо-тилектер айтылып, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев батасын берди.

Улукбек Жолдошбеков эл-журтка ыраазычылыгын билдирип, элден мындай колдоо болот деп деле күтпөгөнүн, бул урмат-сый алдыдагы мелдештерге чоң дем-күч берээрин айтып, жаштарды мекенчилдикке үндөдү.

Улукбек Жолдошбеков 1996-жылы Нарын шаарында туулган. Нарын шаарындагы А. Буйлаш уулу атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган. Учурда Бишкек шаарындагы юридикалык академиянын студенти. 7-классынан бери спорт менен тынбай алектенип, буга чейин 23 жашка чейинкилер арасында бир жолу Дүйнө чемпиону, үч жолу Азия чемпиону болгон.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.