20
Декабрь
2016
Бактыбек Абдиев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрда буйрукка кол койду. Ага ылайык Абдиев Бактыбек Абышевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү