27
Октябрь
2020
Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин м.а. болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Түлөбаев Балбак Зарлыкович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Тийишелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.
Премьер-министрдин башка буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэри шайланганга чейин Түлөбаев Балбак Зарлыкович Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.