03
Июль
Балдардын коопсуздугу темасында журналисттер арасында сынак уланууда
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги балдардын коопсуздугуна арналган темалар боюнча журналисттер арасында сынак өткөрүүдө.
Конкурстун темалары: «Балдардын коопсуздугуна ата-энелердин жоопкерчилиги», «Өспүрүмдөрдүн өз өмүрүн кыюуну алдын алуу жана эскертүү», «Балдарда толеранттуулук маданиятын калыптандыруу» жана «Балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу».
Сынактын максаты
Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына көрсөтүлгөн темада сапаттуу жана кесипкөй материалдарды даярдоо менен балдардын коопсуздугуна арналган маселелерге коомчулуктун көңүлүн буруу.
Сынактын катышуучулары
Конкурска борбордук жана региондук жалпыга маалымдоо каражаттарынын – телеканалардын, радиостанциялардын, бардык түрдөгү басылмалардын, интернет-басылмаларынын штаттагы жана штаттан сырткаркы журналисттери катыша алат.
Сынактын мөөнөтү
Сынакка катышуу үчүн аткарылган иштер 2019-жылдын 20-августуна чейин кабыл алынат (17:00).
Сынактын катышуучулары 2019-жылдын 10-июнунан 20-августуна чейин жарыяланган же эфирде көрсөтүлгөн бир нече материалдарын сынака бере алышат.
Сынактын жыйынтыгы жана жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу салтанаты август айынын аягында өтөт. Так датасы кийин жарыяланат.
Талаптары
Кыргыз жана орус тилдеринде макалалар 2500 сөздөн ашпашы керек, видео жана мултимедиа 10 мүнөттөн ашпоого тийиш. Материалдарда инновацииялык мамиле каралат.
Сынактын номинациялары
- Мыкты телепрограмма / телеберүү;
- Мыкты радиоберүү / тематикалык берүүлөрдүн сериясы;
- Мыкты макала / басма сөздөрдөгү макалалар сериясы;
- Мыкты макала / интернет-басылмаларындагы макалалар.
Ар бир номинациянын жеңүүчүлөрүнө сыйлык – Ноутбук. Сынакта экинчи жана үчүнчү орундар каралган эмес. Бирок, уюштуруучулар кызыктыруучу сыйлыктарды ыйгаруу укугуна ээ.
Баалоо критерийлери
Конкурска катышуу үчүн тапшырылган материалдарды баалоо төмөнкү критерийлер менен каралат:
- Макалалар же сюжеттер сынактын талабына жана тематикага жооп берүүсү;
- Маалыматтардын тактыгы жана кесипкөйлүк менен пайдалануу;
- Темада конкреттүүлүк, тактык, айкындык, баяндаманын жеткиликтүүлүгү жана аудиторияны тарта алгандыгы;
- Тил, чыгармачылык мамиле, видеокатар, стилистикасы;
- Ар кандай кызыкдар тараптардын көз карашын жана пикирин чагылдыруу, пикирлердин салмактуулугу;
- Жарыяланган мултимедиялык материалдардын сапаты, элементтери (аудио, видео, инфографика ж.б).
Сынактын материалдары электрондук почта аркылуу кабыл алынат: (press_sluzhba_mkitkr@mail.ru), ошондой эле Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, №78 дареги. Байланыш телефондору: 0312 62 12 34, 0550 990 475.
"Сынакка катышууга билдирүү ЖМК: Балдардын коопсуздугу үчүн бирге" деп каттын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
Катка көрсөтүү керек
- Фамилиясы, аты, атасынын аты (материалдын автору);
- Материалдын жарык көргөн датасы, редакциянын аталышы, онлайн ЖМКлар материалдардын ссылкасын көрсөтүүсү керек, гезит басылмалары версткаланган PDF форматын, видеоматериалдар видеофайлдарды (эфирге чыккан маалыматтарын) тиркөөлөрү керек.
- Билдирме ээсинин байланыш телефондору жана электрондук дареги.