14
Февраль
2013
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында ушул жылдын 8-февралынан баштап дыйкандарга жана фермердик чарбаларга ААК «Айыл банк”, ААК “РСК Банк”, ААК “Залкар Банк” жеңилдетилген насыяларды бере баштады.
Дыйкандардын берген арыздарына ылайык бүгүнкү күнгө карата ААК “Айылбанк” фермерлерге 31 млн 660 миң сом, ААК “РСК Банк”-23 млн.340 миң сом, ААК “Залкар Банк” 5 млн. 160 миң сом насыя беришти.
ЖАК “Кыргыз инвестициялык кредит банкы”, ААК “Коммерциялык банк Кыргызстан” банктары менен учурда тиешелүү келишимге кол коюлду жанан жакын арада дыйкандарга жогоруда аталган долбоордун алкагында жеңилдетилген насыя бере башташат.
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоору боюнча 2013-жылдын 12-февралына карата “Айыл банк” тарабынан суммасы 189 млн. сомдук 1010 насыя, “РСК Банк” тарабынан суммасы 36 млн.755 миң сомдук 150 насыя жактырылган. “Залкар банкы” тарабынан 96 жарандан 11 млн.430 миң сомго суроо-талап түшкөн жана иштелип чыккан.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү