26

Декабрь

2018

Барак эксклавынын жашоочуларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн «Ак-Таш» өткөрмө пунктунун иши калыбына келтирилди

2018-жылдын 25-декабрынан тартып Ош облусунун Кара-Суу районунун Барак эксклавынын  жашоочуларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн  «Ак-Таш» (КР) - «Бирлишкен» (ӨР) өткөрмө пунктунун  иши калыбына келтирилди.

Макулдашууга 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен Кыргызстандын жана Өзбекстандын Чектеш облус жетекчилер кеңешинин экинчи жыйынынын алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн  жүрүшүндө жетишилген.

«Ак-Таш» жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрмө пункту  кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан жана Барак эксклавын Ош облусунун Кара-Суу району менен байланыштырып турат. «Ак-Таш» өткөрмө  пункту 2013-жылы жазында Барак айылынын кыргыз тургундарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы өзбек тарап менен түзгөн келишим боюнча  2013-жылдан 2015-жылга чейин айылга азык-түлүк продуктуларын, медициналык дары-дармектерди, күйүүчү-майлоочу май,  үрөн, жер семирткичтерди жана башкаларды ташуу улантылган.

Буга чейин Барак эксклавынын жашоочулары Кыргызстандын негизги аймагына кирүү үчүн мамлекеттик чек араны 150 чакырымды түзгөн «Кызыл-Кыя-унаа жол» көзөмөл өткөрмө пункту аркылуу өтүүгө мажбур болушкан.  Ош шаарына чейин жетүү үчүн жалпысынан 300 км жол  жүрүү зарыл болгон. Учурда «Ак-Таш» жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрмө пункту аркылуу өлкөнүн негизги аймагына өтүү үчүн 1 чакырымдан ашык жүрүү зарыл.

Өткөрмө пункту күн сайын саат 9дан 19га чейин иштейт. Чукул кырдаал жаралган жагдайда жарандарды өткөрүү күнү-түнү ишке ашырылат.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

[su_carousel source="media: 127464" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]