16

Март

2019

Баткен-Исфана багыты боюнча биринчи аба каттамы ишке ашырылды

Баткен-Исфана багыты боюнча биринчи аба каттамы ишке ашырылды.

Мурдараак Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Баткен-Исфана-Баткен убактылуу аба каттамын уюштуруу тууралуу тийиштүү чечими кабыл алынган.

Каттамдар «Тез-Жет» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат. Баткен-Исфана багыты боюнча биринчи аба каттамы менен 83 адам учкан. Белгилей кетсек, каттам акысыз негизде ишке ашырылды.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

[su_carousel source="media: 130388,130389,130390" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"][/su_carousel]