16

Март

2019

Баткен-Исфана-Баткен авиакаттамы уюштурулду

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Баткен-Исфана-Баткен авиакаттамын уюштуруу чечими кабыл алынды.

Авиакаттам 2019-жылдын 16-мартында саат 13:00дөн баштап уюштурулду. Учуу убактысы 30 мүнөт.

Мындан тышкары, Бишкек-Исфана-Бишкек авикаттамы жумасына үзгүлтүксүз бир жолу (дүйшөмбү күнү) учат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамын жумасына үзгүлтүксүз эки жолу (дүйшөмбү, жума күндөрү) уюштуруу маселеси иштелүүдө.

Аталган авиакаттамдар «Тез-Жет» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат. Авиабилет баасы: 4 жашка чейин акысыз, 12 жашка чейин 500 сом, чоңдор үчүн 1000 сом.

Кыргыз Республикасынын 

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү