15

Май

2020

Баткен облусунда 11-майдан тарта 1400дөй ишкана ишин жандантты 

Коронавирус оорусунун  экономикалык абалга тийгизген таасиринин алдын алуу максатында, Баткен облусунда 1-майдан тарта 1500, 11-майдан 1400дөй   ишканалар  ишин жандантты.  

Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулу Алишер Абдрахманов бүгүн  15-майда брифинг учурунда билдирди. 

11-майдан негизинен 4 тармак иштеп баштаган. 

Алар:

Микрофинансылык уюмдар 26 ишкана

Күнүмдүк турмуш тиричиликке керектүү сантехника, монтаждоо, оңдоо, тазалоо, унаа жуучу жайлар 246 ишкана

Курулуш материалдарын, унаа тетиктерин сатуучу түйүндөр 300гө жакын. 

Такси кызматтар  800

Бул тармактарга санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана гигиенаны сактап иш алып баруу жагы эскертилди.  

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы