12
Май
Баткен облусунда 29миңге жакын үй бүлөгө гуманитардык жардам берилди
Өлкөдө кооптуу илдеттин алгачкы учурлары катталып, өзгөчө кырдаал жарыяланган күндөн тарта, аз камсыз болгон жана убактылуу жумушсуз калган, турмуш шарты оор үй бүлөлөргө жакындан көңүл бурулуп, жардам берилип келет.
2020-жылдын 11-майына чейин облус боюнча 28979 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү.
Жардамдар негизинен азык түлүк иретинде берилип, анын курамын 1358,4 тонна ун, 44218 кг макарон, 55569 л өсүмдүк майы, 29957 кг күрүч, 22412 кг кумшекер, 1493 кг эт, 5792 кг картошка түздү.
Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 6,5 тонна хлор, 93577 даана беткап, 1885,5 л антисептик, 1967 даана коргоо костюмдары, 12276 даана кол каптар берилди.
Мындан сырткары берилген финансылык жардамдардын көлөмү 7 млн 570 миң сомду түздү.
Жардамдар мамлекет тарабынан, материалдык резервдер фонду тарабынан, ошондой эле коомдук фонддор, кайрымдуулук уюмдар, жеке ишкерлер ж б тарабынан берилди.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы