08
Апрель
Баткен облусунда буудай 96%, арпа 99,8% себилип бүттү
Быйылкы жылдын жазы үчүн 48миң 794 гектар жер айдоо иштери пландаштырылган болсо, учурда 35,894 гектар жер айдалды. Айдоо жерлеринин 19220 гектарына кылкандуу дан эгиндерин себүү пландаштырылып, анын 1946 гектарына үрөн себилди. Натыйжада жумуш 99,1% аткарылды. Былтыркы жылдын ушул мезгилине 4757 гектарга көп айдалды.
Буудай план боюнча 7175 гектарга себилип, 96%, арпа 12миң 46 гектарга 99,8% себилип бүттү.
Картошка учурда 1124 гектарга, жашылча 676 гектарга эгилди.
Баткен облусуна жаз эрте келгендиктен, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланганга чейин, кылкандуу дан эгиндерин себүү иштерин көпчүлүгү аткарылган. Калган талаа жумуштары карантиндин эрежелерин сактоо менен аткарылууда. Учурда үрөн, техника, күйүүчү майга болгон муктаждык жок. Санитардык карантиндик көзөмөл постторунан үрөн, күйүүчү май ташыган унаалар тоскоолдуксуз, дезинфекцияланып, өтүп жатат.
КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы