29

Май

2020

Баткен облусунда мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулуп бүттү

Лейлек районундагы Лейлек эркин экономикалык аймагындагы 6 га жерге мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулуп бүттү. 

Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов аталган ишкананын ишмердүүлүгүнөн кабар алды. 

Ишкананы куруу жана ишке киргизүү демилгесин көтөргөн  жергиликтүү ишкер Нурбек Түркбаев, бул чоң долбоорду Кытай Эл Республикасынын жана Америка Кошмо Штаттарынын ишкерлеринин жардамы менен ишке ашырды. 

Курулушка  1,5 млн АКШ доллары жумшалды.   

Ишкана бир айда эки мин тонна мунайды кайра иштетип, 300 тонна бензин, 800 тонна солярка, 1000 тонна мазут өндүрүү мүмкүнчулугү болот. 

Ал эми келечекте айына 5000 тоннага чейин мунайды кайра иштетүүнү пландап жатат. 

Бүгүнкү күндө Баткен облусунун  Бүргөндү жана Арка массивиндеги мунайдын запасы 1,9 млн тоннаны түзөт. 

Ишкерлер учурда «Кыргызнефтегаз» ААКнун Кайрагач участкасында бир айда өндүрүлгөң 1000тонна мунайды кайра иштетип андан сырткары жакынкы чет өлкөлөрдөн  бир айда 2000 тонна чийки мунайды ташып келип кайра иштетүүнү пландоодо.

Бул ишкана толук ишке киргизилсе мамлекетке жылына 90млн сом салык төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле 25 жергиликтүү тургундар туруктуу  жумуш орундары менен камсыздалат. 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым уккутуу өкүлүнүн басма сөз кызматы