28

Май

2020

Баткен облусунда оруп жыйноо иштери башталды

Бүгүн 28-майда Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак, Алга айыл аймактарында кылкандуу дан эгиндерин  жыйноо иштери башталды. 

Аталган аймакта бүгүн 2 гектар жерде арпа оруп жыйналды. 

Жалпысынан Кадамжай районунда 2870 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген. 

Адистер арпа  гектарынан 35 центнерден алынып жатканын айтышат. Былтыркы жылы түшүм гектарынан 28 центнерден алынган. 

Негизи Баткен облусунда 2020-жылдын түшүмү үчүн 20702 гектарга кылкандуу дан эгиндери эгилген.

Анын 7902 гектары буудай, 12797 гектары арпа. 

Белгилей кетсек жыл сайын Баткен облусунун Кыргыз-Кыштак, Алга айыл аймактарынын климаты ысык келгендиктен, аталган аймактарда облуста эле эмес, республика боюнча оруп жыйноо иштери биринчилерден болуп башталат. 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Электрондук регион

Календарь