17

Май

2020

Баткен облусунда зыянкеч саранчаларды жок кылуу аракеттери көрүлүүдө

Баткен облусунун тоолуу аймактарында, талааларда пайда болгон “Марокко” саранчасын жок кылуу аракеттери көрүлүп, эгин талааларды сактап калууга мүмкүн болду.

Бүгүнкү күнгө облуста 4600 га жер аянты дарылоодон өткөрүлдү. 

Баткен районунун Ак-Татыр, Кадамжай районунун Майдан, Марказ, Масалиев жана Лейлек районунун Жаңы-Жер, Кулунду, Бешкент  айыл өкмөттөрүнүн аймагында марокко чегирткеси чыккандыгы жана ыкчам түрдө   жок кылуу боюнча Баткен регионалдык химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмү тарабынан атайын техникалар жана адистер тартылып, жок кылуу аракеттери көрүлдү.  

Учурда адистер   дагы башка аймактарда, зыянкечтердин пайда болуу коркунучун алдын алуу боюнча изилдөөлөрүн жүргүзүп, дарылоо иштерин улантууда. 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы