23

Март

2020

Баткенде дарыгерлер үчүн 500 комплект коргонуучу каражаттар алынып келинди

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында Баткен облусуна 500 даана атайын коргонуучу каражаттар алынып келинди. Комплекттин ичинде беткап, көз айнек жана костьюм бар.   Бул комплект формалар облустагы саламаттыкты сактоо кызматкерлерине жана санитардык карантиндик көзөмөл постторундагы кызматкерлерге берилет.

Мындай кийим кечелер муктаждыкка жараша дагы алынат. 

Белгилей кетсек буга чейин Фергана облусунан 2600даана таңгакталган медициналык марли жана 1тонна 400кг дезинфекциялоочу каражаттар алынып келинген.

Учурда бул сыяктуу коргонуучу кийимдер жергиликтүү  тигүү цехтеринде да даярдалууда.