23
Июль
Баткенде дарыгерлер үчүн жаратылышта обсервациялык орундар даярдалды
Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановдун тапшырмасына ылайык, оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, коронавирус илдети менен ооруган бейтаптарды, 14 күн бою дарылап чыккан дарыгерлер үчүн, таза аба, кооз жаратылышта жайгашкан обьекттерге, обсервация орундары даярдалууда.
Бүгүн ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагындагы, Алтын-Бешик балдар лагеринин базасында, уюштурулган обсервация менен таанышты.
Учурда бул жайда кооптуу зонада эмгектенген дарыгерлер жайгаштырылган.
Ыйгарым укуктуу өкүл дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, “ар бир бейтаптын айыккан учурлары, дарыгердин баа жеткис эмгеги” деп белгилеп, ар бирине резервдик фондунан 5000сомдон акчалай сыйлык тапшырды.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы