22
Июль
2020
Баткенде демөөрчүлөр оорукана шартын жакшыртууга колдоо көрсөтүштү
Кадамжай райондук аймактык ооруканасынын экинчи имаратынын, экинчи кабаты толугу менен оңдоп түзөөдөн өттү.
Натыйжада бардык шарттар түзүлүп, оор абалдагы бейтаптарды дарылоого ыңгайлашкан 4 орун жана пневмания оорусу менен ооругандар үчүн 25 орун даярдалды.
Оңдоп түзөө жумуштары жеке ишкерлер тарабынан колдоого алынып, жалпы суммасы 400 000 сомдук жумуш жасалды.
Белгилей кетсек аймактык ооруканада мындан сырткары изоляция үчүн дагы 50 орун бар.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы