24

Январь

2020

Баткенде Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракеси белгиленет

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча, КР Өкмөтунүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарованын жетекчилиги астында,  уюштуруу комитетинин биринчи кенешмеси болуп өттү. 

Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына   арналган иш-чараларды  өткөрүү боюнча атайын иш-планын түзүү менен  ар кандай маданий-уюштуруучулук, илимий иш-чараларды, конференция, семинарларды, сынактарды уюштуруп өткөрүү,  жалпыга маалымдоо каражаттарына чагылдыруу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар коюлду. Ошондой эле мааракени жогорку денгээлде өткорүу үчүн тйиштүү болгон шарттарды түзүү, Улуу инсандын туулган жерине өзгөчө көңүл буруу, аймактын инфраструктурасын чыңдоо жаатында активдүү иш алып баруу жагы белгиленди. 

Белгилей кетсек Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 10-январындагы №2 «Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндөгү» Жарлыгын жана  Кыргыз   Республикасынын   Өкмөтүнүн 2020-жылдын   17-январындагы №10-б  буйругун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын  көрүнүктүү мамлекеттик  жана саясий  ишмери Исхак Раззаковдун 110   жылдык   мааракесине  арналган    салтанаттуу   иш-чараларды  өз   убагында даярдоо жана   жогорку  деңгээлде өткөрүү  максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун буйругу чыккан. 

Жыйын соңунда уюштуруу комитети республикалык, облустук деңгээлде түзүлгөн иш-чаралар планына ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилди. 

Мааракени 2020-жылдын күз айларына өткөрүү пландалууда.