30
Январь
Баткенде коронавируска каршы алдын алуу чаралары көрүлүүдө
Учурда дүйнө коомчулугуна кооптонууну жаратып жаткан коронавируска каршы алдын алуу чараларын көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаевдин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарованын жетекчилиги астында, облустук эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиянын жыйыны болуп өттү.
Жыйында тийиштүү мекеме жетекчилери бул жугуштуу илдеттин алдын алуу максатында көрүлүп жаткан иш аракеттер тууралуу маалымат беришти.
Бүгүнкү күндө облустун тийиштүү кызматтары коронавируска каршы күрөшүү жаатында окутууларды уюштуруп жатышат.
Адистердин айтымында облустун чек ара өткөрүү бекеттери күнү-түнү сырттан кирген жарандарды жана азык түлүк продукцияларын текшерүүдөн өткөрүп, көзөмөлгө алууда.
Баткен облусунун аймагында 5 санитардык карантиндик пункттар уюштурулуп иштөөдө. Аларга эпидемиолог дарыгерлер бөлүнүп, өздүк сактануучу жана медициналык каражаттар менен толук камсыз болушту. Кайрагач өткөрмө пунктунан башка 4 пункт ооруну аныктоочу тепловизор менен камсыз болду.
Белгилей кетсек Кыргызстанда коронавируска кабылган жарандар катталган жок.