29
Май
2020
Баткенде өрүк бышты
Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы –Жер айыл аймагында өрүктүн эрте бышуучу сорту толугу менен бышты. Багбандар өрүктүн алгачкы түшүмүн жыйнап алып, сатыкка чыгарды.
Белгилей кетсек Жаңы-Жер айыл аймагы деңиз деңгээлинен 400метр тереңдикте жайгашкандыктан, климаты ысык келип, мөмө жемиш, жер жемиштер эрте бышат.
Баткен облусунда жалпы 8 миң гектар өрүк бактары бар. Андан жыл сайын 100миң тонна өрүк жыйналып алынат. Анын 20% гана жергиликтүү кайра иштетүүчү ишканаларда кайра иштетилсе, 80% чет мамлекеттерге экспорттолот.т
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы