21

Март

2020

Баткенде өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарды дезинфекциялоо күчөтүлдү

Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарында Сауд Арабиядан келген жарандар изоляторго жайгаштырылаары менен эле аталган аймакта дезинфекция жумуштары башталган.Бүгүн аймакта дезинфекциялоо күчөтүлдү. Изолятордогу ар бир жарандын турак үйлөрү да дезинфекцияланды. Ошондой эле аймакка блокпосттор коюлуп, үч айыл аймак карантинге алынды. Ошондой эле үч айыл аймакка блокпосттор коюлуп, карантинге алынды. 

Мындан сырткары бардык район шарлар өз аймактарын дезинфекциялоо менен, кошуна мамлекеттер менен чек аралаш аймактарына блокпостторду коюуда. 

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборлорунун кызматкерлери тарабынан 230 мечит, 13 мектеп,  7 орто жана жогорку окуу жайлар, 17 мектепке чейинки мекемелер, 81 коомдук тамактануу жайлар, 8 аскердик бөлүктөрү, 5 МЧС, 4 базар , 33саламаттык сактоо мекемелери, 5медреседе дизенфекциялык иштер аткарылды

Баткен облусунда 54 адам карантинге алынган. Алардын 49 Сауд Арабиядан кичи ажылыктан келишкен. Булардын ичинен 21 жаран изоляторго жайгаштырылган. Белгилей кетсек бүгүн 21-мартта Баткенде коронавирус боюнча бир учур катталды.    

Бүгүнкү күнгө Баткен облусунун аймагындагы саламаттык сактоо мекемелеринде 343 изолятор, 456 обсерватор  даярдалган.