28
Январь
Баткенде жарандар электрондук кезек аркылуу медициналык кароодон өтүүдө
Облустун Саламаттыкты сактоо тармагынын жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясы болуп өттү. Ага саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, Баткен облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Арзыбек Бөрүбеков жана бул тармактын жетекчилери, кызматкерлери катышты. Жыйында жыл ичинде аткарылган иштер жана 2020-жылга пландар талкууланды.
Белгилей кетсек 2019-жылы республикалык бюджеттен 139млн сомго Баткен облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Ал эми Исфана шаарында Кувейт мамлекетинин колдоосу менен 28 млн сомго 40 орундуу төрөт үйү курулуп, иштеп баштады.
Ошондой эле облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты Түрк грантынын эсебинен 76 миң АКШ долларына толугу менен капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү.
Кадамжай аймактык ооруканасынын экинчи имараты республикалык бюджеттен 84млн сомго курулуп, пайдаланууга берилди.
Аны менен катар облуска Россия Федерациясы тарабынан, баасы 15млн 580миң рубль болгон мобилдүү клиника тапшырылды. Мобилдүү клиниканын ичинде бейтапка медициналык кароо жургүзүү үчүн керек болгон бардык шарттар түзүлгөн.
2019-жылы облус боюнча 4 ФАП жана 3 үй бүлөлүк дарыгерлер топторунун имараттары курулуп, иштеп баштады.
Ал эми Лейлек райондук үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна жеке ишкер тарабынан тез жардам унаасы белекке берилди.
Учурда облуста жаш дарыгерлердин депозити программасынын алкагында иштеп жаткан 47 дарыгер бар.
Саламаттыкты сактоо тармагындагы санариптештирүү аракеттеринин натыйжасында, облустун саламаттыкты сактоо мекемелеринде электрондук кезек аркылуу кабыл алуу жүрүүдө. Ушул тапта 10миңден ашуун бейтап электрондук кезек аркылуу медициналык кароодон өткөн.