27

Май

2020

Баткенде жаштар классташына үй салып беришти

Кадамжай районунун Кызыл- Булак айылынын тургундары 7 адам жашаган Жусуповдордун  чоң үй бүлөсү, үйлүү болушту. 

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген досторуна үй салуу демилгесин, мектепте чогуу окуган классташ достор көтөрүп, ашар жолу менен үй салып беришти.  

Жаштар курулуш материалдары үчүң жалпы 350 миң сом каражат сарпташты.  

Демилгелүү жаштарга КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды. 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы