31
Август
2018
Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румас Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румас Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
«Биздин биргелешкен күч-аракеттер мындан ары карай да белорус-кыргыз соода-экономикалык кызматташтык динамикасын өнүктүрүгө, Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы өнөктөштүктү чыңдоого багытталаарына ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.
Премьер-министр Сергей Румас Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге чың ден-соолук, бакубаттуулук жана алдыга койгон пландардын ишке ашырылышын каалады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү