02

Февраль

2019

Белгилүү мамлекеттик ишмер Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу комитети түзүлдү

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча комитети түзүлдү. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Уюштуруу комитетинин төрагасы катары Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бекитилди.

Уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары Эмил Бусурманкулов дайындалды.

Уюштуруу комитетинин курамына Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери кирген.

Уюштуруу комитетине Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Корчубек Акназаров менен жарандардын коштошуу ырасымын жана маркумдун сөөгүн жерге берүү зыйнатын уюштурууга байланыштуу бардык маселелерди чечүү тапшырылган.

Маркум менен коштошуу ырасымы 2019-жылдын 3-февралында, саат 11.00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында өтөт.

Ошол эле күнү Корчубек Акназаровдун сөөгү Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилет.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү