01
Май
Белоруссиянын Премьер-министри Андрей Кобяков Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады
Белорус Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Өкмөт башчы кызматына дайындалышы менен куттуктады.
Куттуктоонун текстин келтиребиз:
«Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич,
Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм.
Сиздин топтогон иш тажрыйбаңыз жана жогорку профессионалдуулугуңуз Кыргызстандын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп ишенем.
Эки тараптык соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары жигердүү өнүктүрүү, биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Евразиялык экономикалык бирлик алкагындагы интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө активдүү катышуу үчүн биздин өлкөлөр ортосундагы конструктивдүү өз ара аракеттешүүнүн уланышына ишенип жатам.
Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшөкеевич, чын ден соолук, бакубатчылык жана натыйжалуу мамлекеттик ишмердүүлүк тууралуу калоо тилектеримди кабыл алыңыз», — деп айтылат билдирүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү