18
Апрель
Бир да үй-бүлө кыйын кырдаалда өзү менен өзү калбоосу керек
Бүгүнкү күндө кырдаалга жараша көпчүлүк жарандарыбыз үйүндө болуп жаткандыктан Кыргыз Өкмөтү элди азык-түлүк жагынан камсыздоого басым жасоодо.
Айрыкча күнүмдүк киреше тапкан жумуштарда иштеп, кырдаалга байланыштуу жумушу токтоп калган үй-бүлөлөрдү иликтеп, аларга жардам берүү негизги милдеттерден болууда.
Өкмөттүн "Кыргызстандагы бир да үй-бүлө кыйын күндөрдө өзү менен өзү калбоосу керек" деген чакырыгы менен Нарын облусунун аймактарында дагы жардамга муктаж жарандарды азык-түлүк менен камсыздоо аракети кырдаал башталган алгачкы күндөрдөн тартып көрүлүп жатат.
Берилген гуманитардык жардамдар боюнча жалпы маалымат берсек, 2020-жылдын 17-апрелине карата облус боюнча 11 150 үй-бүлөгө 468 тонна ун, 12 тонна 348 кг макарон, 20 138 литр өсүмдүк майы, 3 тонна 607 кг күрүч, 7 тонна 704 кг кумшекер, 1 218 кг эт, 451 кг чай, 215 500 сом акчалай, 93986 даана беткап, 1 422,5 литр антисептик, 40 кг хлор, 430 кол кап берилген.
Бул каражаттар мамлекеттен, жергиликтүү бюджеттен, коомдук, эл аралык уюмдардан, жеке демөөрчүлөрдөн чогулган. Учурдан пайдаланып элибизге колун сунуп колдоо көрсөткөн бардык атуулдарга терең ыраазычылык билдиребиз.
Гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүүдө атайын комиссиялар иштеп, аларга ар бир жардамды даректүү жеткирүү милдети жүктөлгөн.
Азык-түлүктөн жана башка маселелер боюнча кыйналып жаткан жарандар 1227 линиясы же төмөндөгү номерлер аркылуу билдирсеңиздер болот:
Нарын ОИИБ:
03522 5-70-22
03522 5-09-20
Вотсап 0701 93-21-02
Нарын шаардык мэриясы:
0704 19-23-10
0705 50-14-45
0555 50-14-45
03522 5-14-45
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы:
0702 30-47-15
03522 42-37-39
Буюрса, бул күндөр да өтүп, илдеттин коркунучун жеңип чыгабыз. Ошол жарык күндөргө ынтымак, биримдик, сабырдуулук менен бирге жетели!!!
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.