09
Октябрь
Бир катар маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлык эмгек акы өлчөмү 80%га көтөрүлдү
Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Бул чечим маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынды.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 16 «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө» токтомуна маданият мекемелеринин кызматкерлеринин маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 1,8 өлчөмүндө белгилөө каралган өзгөртүүлөр киргизилди:
- Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын;
- Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын;
- С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейинин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин;
- Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук керкем сурет искусство музейинин;
- «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментине караштуу Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын.
Мындан тышкары, төмөнкү мекемелердин профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмү 80%га көбөйтүлдү:
- Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын;
- М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын;
- С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик керкем сурет окуу жайынын;
- Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү