01

Июнь

2018

Биринчи вице-премьер-министр бир катар ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды кыдырды

Бүгүн, 1-июнда, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө бир катар ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды, ошондой эле агроөнөржай ишканаларын кыдырды. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эл аралык стандарттардын талабына жооп берген фитосанитардык карантиндик экспертиза өткөрүү менен алектенген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча борбордук лабораториясына барды. Андан соң ал негизги иши жергиликтүү таза кандуу малдын тукумун жана алардын генетикалык ресурстарын сактоого багытталган Кыргыз мал чарбачылыгы жана жайыттары илимий-иликтөө институтунун иши менен таанышты. Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өсүмдүктөрдүн жана малдын биологиялык коргоочу каражаттарын өндүрүүчү жана ишке киргизүүчү Сокулук районундагы «Кыргызагробиоборбор» ишканасына барды. «Кыргызагробиоборбордун» максаты – өсүмдүктөрдүн биологиялык коргоочу каражаттарын кеңири масштабда өндүрүү аркылуу өлкөдөгү экологиялык жана фитосанитардык абалды жакшыртуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү. Андан соң Кубатбек Боронов «Dordoi Foods» логистикалык борборунун базасындагы «Dordoi Food» фитосанитардык пунктунун иши менен таанышты. Көрсөтүлгөн фитосанитардык пункт өлкөдөн экспорттолуучу жашылча-жемиш продукциясын иликтөөдөн өткөрүү үчүн курулган. Аймактар боюнча жумушчу сапарынын алкагында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Аламүдүн районундагы «Элита» Республикалык малды жасалма уруктандыруу боюнча асыл тукум станциясына  барды. Учурда станцияда АКШдан алынып келинген асыл тукум букалар багылып, алардан тукум алынууда. Мекеме алдына айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жогорку сапаттагы асыл тукум мал менен камсыздандыруу, генетикалык ресурстарды сактоо милдети коюлган. Жумушчу сапарынын соңунда Кубатбек Боронов үстүбүздөгү жылы негизделгендигине 85 жыл толгон К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине барып, окуу жайынын инфраструктурасы менен таанышты. ЖОЖдогу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча айыл чарба тармагынын илимий чөйрөсүнүн жана кызматкерлеринин катышуусунда конференция өткөрүлөрү белгилүү болду.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

[su_carousel source="media: 117929,117930,117931,117932,117933,117934,117935,117936,117937,117938" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"]