12

Май

2018

Биринчи вице-премьер-министр К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин 85 жылдыгы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин 85 жылдыгы менен жогорку окуу жайдын эмгек жамаатын куттуктады.

Кубанычбек Боронов куттуктоо сөзүндө университеттин чакан окуу жайынан ири айыл чарба жогорку окуу жайына чейинки узак жолду басып өткөнүн белгиледи

«Университеттин профессордук-окутуучулук жамааты биздин өлкөнүн агрардык секторуна салым кошкон илимий иштерди жүргүзүп жана ачылыштарды жасап келет. Бул университет - бай тарыхы жана зор илимий мүмкүнчүлүгү бар окуу жайлардын бири», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Кубатбек Боронов ошондой эле университет республиканын агрардык тармагына салым кошо турган чыгаан таланттуу жаш адистерди тарбиялаган окуу жай болуп кала беришин каалады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

 коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү