03

Ноябрь

2018

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Президенттин Жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. 

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, каралган иш-чаралардан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын сапаттуу жүзөгө ашырууну камсыздаган кошумча чаралар болушу зарыл.

«Планда жазылган иш-чаралар кагаз бетинде гана калбоого тийиш. Натыйжа болушу үчүн ар бир жетекчиден жоопкерчиликтүү мамиле талап кылынат. Биздин максат – калк жер-жерлерде жашоо сапатынын чындап жакшыруусун сезүүсү керек», - деди Кубатбек Боронов.

Мындан тышкары, биринчи вице-премьер-министр 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын аймактык саясатынын Концепциясы ишке ашырылып жатканын эскертти. Бул документтин багыттарынын бири өсүү түйүндөрүн аныктоо жана республиканын жети облусунун ар биринин экономикасын өнүктүрүүнүн кластердик принцибин өнүктүрүү болуп саналат.

Кеңешменин жүрүшүндө көрсөтүлгөндөй, бүгүнкү күнү 14 шаардын өнүктүрүү Программасы бекитилген, 6 шаардын программасы аяктоо баскычында турат.

Аймактык саясат Концепциясын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан «өсүү түйүндөрү» шаарларын социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын (СЭӨП) баалоонун жыйынтыгына ылайык сунушталган шаарлардын көпчүлүгү Концепциянын талаптарына жооп бере турганы аныкталган. Бирок экономиканы өнүктүрүүгө багытталган ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу боюнча сунуштар бардык эле шаарларда көрсөтүлгөн эмес. Учурда бул маселе чечилүүдө.

Кубатбек Боронов тиешелүү мамлекеттик органдар 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Президенттин Жарлыгын тийиштүү ишке ашыруу боюнча бардык күч-аракеттерди жумшоого тийиштигине өзгөчө көңүл бурду.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине негизги өнүктүрүү индикаторлорун бөлүп кароо менен шаарлардын СЭӨП ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо тутумун иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошону менен бирге СЭӨП долбоорлорун жергиликтүү коомчулук деңгээлинде коммерциялык жана коммерциялык эмес тармактарды тартуу менен кеңири талкуулоону камсыздоо милдеттендирилди.

[su_carousel source="media: 125389,125390,125391,125392,125393,125394,125395,125396" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү