17
Май
2018
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: Акыркы 5 жылда уран калдыктарын сактоочу жайлардын маселесин чечүү жаатында абалды жакшыртуу боюнча зор иштер жасалды
Акыркы 5 жылда уран калдыктарын сактоочу жайлардын маселесин чечүү жаатында абалды жакшыртуу боюнча зор иштер жасалды. Бул тууралуу 17-майда Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Европа парламентинин депутаты Мишель Риваси менен жолугушууда билдирди.
“Борбор Азия өлкөлөрүндөгү ири уран калдыктарынын бир катары дарыяларга жана суу булактарына жакын жайгашкан. Бул адамдар үчүн кооптуу. Муну эске алуу менен калдык сактоочу жайлардын маселесин чечүү боюнча иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө. Алсак, акыркы 5 жылда бул тармактагы абалды жакшыртуу боюнча чоң иштер жасалды. Буга байланыштуу биз бул маселедеги маанилүү жылыштар тууралуу эл аралык коомчулукка маалымдоону жана 2018-жылдын сентябрында бул маселе боюнча Башкы Ассамблеянын жаңы резолюциясын кабыл алууну зарыл эсептейбиз. Биз Борбор Азиядагы уран калдыктарынын маселесин чечүүнү мындан аркы эл аралык колдоого чакырабыз”, - деди Кубатбек Боронов.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында жана Борбор Азияда уран калдыктарынын маселесин чечүү, айыл аймактарын комплекстүү өнүктүрүү, билим берүү, укук үстөмдүгү тармагында эки жактуу кызматташуунун кеңири маселелерин талкуулашты.
Маалымдама: Европа парламентинин депутаты Мишель Риваси Кыргыз Республикасына “Борбор Азиядагы уран калдыктарын сактоочу жайлар: тобокелдиктерди азайтуу боюнча биргелешкен аракеттер, БУУ Башкы Ассамблеясынын “Борбор Азиядагы радиациялык коркунучтарды алдын алуудагы эл аралык коомчулуктун ролу” Резолюциясын жаңылоо” эл аралык конференциясына катышууга келген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү