27
Июнь
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Аламүдүн районундагы Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын суу агымы менен таанышты
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын суу агымы менен таанышты.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жаан мелиорация департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү маалымдагандай, Ала-Арча тутумуна байланыштуу жерлерди сугаруу булагы катары Ала-Арча дарыясы саналат. Суу керектөөчүлөр - Аламүдүн, Сокулук райондору жана Бишкек шаары.
«Туш» магистралдык каналынын алдындагы сугат жери -11302 га, анын ичинде Сокулук району – 5559 га, Аламүдүн району - 5743 га.
Ала-Арча дарыясындагы Аламүдүн району боюнча суу алгыч 1,80 м3/с, Сокулук району боюнча 3,0 м3/с, Ала-Арча дарыясына агызып чыгаруу 1,0 м3/с, жалпысынан сууну сарптоо 5,8 м3/с. Синоптиктердин маалыматы боюнча, Ала-Арча дарыясында суунун болушу 10,8 м3/с. 2018-жылы бул көрсөткүч салыштырмалуу 8,92 м3/с түзгөн.
Биринчи вице-премьер-министрге маалымдашкандай, Аламүдүн дарыясынын суу кабыл алуу галереясы оң жээктеги каналга 22,0 м3/с сарптоого эсептелген. Керектөөчүлөрү Аламүдүн районунун жана Бишкек шаарынын жашоочулары. Жалпы аянты - 5 431 га.
Аламүдүн дарыясындагы суу алгыч 4,3 м3/с түзөт, Бишкек шаары - 2,3 м3/с. 2018-жылы «Кыргызгидрометтин» маалыматы боюнча, дарыядагы суу 11,2 м3/с түзсө, 2019-жылы - 9,64 м3/с түздү.
Бул тоо башынан суунун агып түшүүсү мурдагы жылдарга караганда жай болушуна байланыштуу.
Ушундан улам Кубатбек Боронов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө сугат тутумдарында сууну айлантуу жана түнкүсүн сугаруу тажрыйбасын киргизүүнү тапшырды. Бул суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланууну камсыз кылат.
Ошону менен бирге түзүлгөн жагдай тууралуу калктын жана дыйкандардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
[su_carousel source="media: 134633,134631" limit="16" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү