21
Июнь
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Азербайжандын Элчиси Гидаят Оруджев менен жолукту
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 21-июнда, Кыргыз Республикасындагы Азербайжан Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гидаят Оруджев менен жолукту.
«Мен сиз аркылуу Азербайжан Республикасындагы Президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен Азербайжан Республикасын куттуктайм. Кыргыз Республикасы эки тараптуу өз ара ишенимге жана бири-бирибиздин кызыкчылыктарыбызды сыйлоого таянган эки жактуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө олуттуу маани берет», – деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов соода-экономикалык кызматташтык жаатында ишке ашырылбай жаткан бир топ мүмкүнчүлүктөр бар экендигин, буга байланыштуу экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйналышын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде Гидаят Оруджев Азербайжан Республикасы саясий диалогду бекемдөөгө, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууга даяр экенин ырастады.
«Биздин өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатууга жана маданий байланыштарды кеңейтүүгө кадам сайын умтулуу менен биздин эки тараптуу мамилелерди жигердүү өнүктүрүү зарыл», - деп белгиледи ал.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун кеңири маселелерин талкуулашты.
[su_carousel source="media: 118966,118967,118968" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү