24
Январь
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Азия Кубогунан кайткан улуттук кураманын футболчуларын тосуп алды
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Манас» эл аралык аэропортунда футбол боюнча 2019-жылдагы Азия Кубогунан (БАЭ) кайткан Кыргызстандын улуттук курамасынын футболчуларын тосуп алды.
Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан атамекендик футболчуларга жана машыктыруучу курамга турнирдеги татыктуу оюн жана мекендештерине тартуулаган сезимдер үчүн ыраазычылык билдирди.
«Мен, миллиондогон башка күйөрмандар сыяктуу эле өлкөбүз үчүн сыймыктанып турдум жана биздин кураманын ар бир оюнун ишеним менен көрдүм. Силерге өзүңөргө жүктөлгөн милдетти татыктуу аткарып жана биздин үмүттөрүбүздү гана актабастан, бүт дүйнөгө кыргызстандыктар спортту кандай жакшы көрөрүн жана сыйлай турганын көрсөтө алдыңар. Белгилей кетсем, Азия Кубогунда көзгө толумдуу, ишенимдүү ойноп, биримдик, эрк жана өжөрлүктү көрсөттүңөр, максатыңар үчүн өзүңөрдү да аяган жоксуңар», - деди Кубатбек Боронов.
Биринчи вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, турнирдин 1/8 финалына чыгуу татыктуу жыйынтык жана ал кураманын машыктыруучусу Александр Крестининге айрыкча ыраазычылык билдирди.
«Сиздин оюнчуларды тандоо, даярдоо стратегияңыз, устаттык чеберчилигиңиз жана талантыңыз менен биз кыргыз футболунун тарыхында алгачкы жолу чындап мыкты натыйжа көрсөтө алдык. Бул зор жетишкендиктердин башаты болот, келечекте биздин курама дүйнөнүн күчтүү командалары менен бир оюн талаасында ойнойт деп ишенем», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.
Кубатбек Боронов дагы бир ирет белгилегендей, улуттук кураманын футболчулары өздөрүнүн оюну аркылуу күйөрмандарына гана эмес, футболдон алыс адамдарга дагы көптөн күткөн белек тартуулады.
«Силер аркылуу дагы көптөгөн адамдар спортко тартылышат, активдүү, сергек жашоо мүнөзүн тандашат. Кыргызстандын эли кубанып, силер үчүн кызуу жан тартты жана команалык демди берип турду. Силер баарына атамекендик футбол жанданып, жаңы күч, абройго ээ болуп жатканын далилдедиңер», - деди ал.
Биринчи вице-премьер-министр ишендиргендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдө футболду өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүнү улантат.
«Манас» аэропортунда улуттук курама команданын футболчуларын туугандары жана күйөрмандары тосуп алды.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы алгач ирет Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнүн 1/8 финалында БАЭ курамасы менен ойноду.
[su_carousel source="media: 128449,128450,128451,128452,128453,128454,128455,128456" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү