14

Декабрь

2018

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «China Jiangsu International» корпорациясынын жетекчилиги Ванг Бин мырза менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «China Jiangsu International» кытай корпорациясынын жетекчилиги Ванг Бин мырза менен жолугушту

Жолугушуу Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясынын Янчжоу шаарында «Жибек Жолу боюндагы цивилизациялардын биригүүсү жана өз-ара пайдалуу негиздеги кызматташтыктын тереңдеши» темасында өтүп жаткан VI Кытай – Борбордук Азия кызматташтык форумунун алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтыктын мүмкүн болгон маселелерин, ошондой эле кыргыз-кытай агрардык паркынын ачылышы боюнча деталдарды талкуулашты.

Биринчи вице-премьер-министр өлкө ишкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча Өкмөт тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымдады.

Кубатбек Боронов белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы кыйла активдүү соода-экономикалык кызматташууга түрткү боло турган агрардык паркты куруу долбоорун биргелешип ишке ашырууну тездетүү зарыл.

Анын ичинде, атамекендик айыл чарба, мал чарба жана сүт продукцияларын Кытайга ыңгайлуу жана пайдалуу экспорттоого шарт  түзүлөт.

Белгиленгендей, 2018-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо агенттигинин жана Цзянсу провинциясынын «China Jiangsu International» эл аралык техникалык-экономикалык кызматташуу боюнча Кытай корпорациясынын ортосунда кыргыз-кытай агрардык паркын түзүү боюнча кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлган.

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр IT-технологиялар боюнча алдынкы кытай компанияларынын (OBORCloud (Beijing) Network Technology, International Business Settlement HK, Jiangsu Yaxin Petrochemical Construction Group) өкүлдөрү менен жолугушту.

Кубатбек Боронов баса көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасы 2019-жылы алды менен экономика жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнү камтыган санариптик трансформациянын активдүү фазасына кирет.

Ал эл аралык технологиялык компаниялар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле сунушталган салык каникулдары, интеллектуалдык менчикти коргоо, электр энергиясынын төмөн баасы жана тийиштүү МКТ-адистерди даярдоо жөнүндө маалымат берди.

Ошону менен бирге Кубатбек Боронов биргелешкен долбоорлорду деталдуу талкуулоо жана мындан ары ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү