29
Июнь
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Дүйнөлүк банктын жана Швейцария Элчилигинин өкүлдөрү менен КР суу ресурстарын башкаруу маселесин талкуулады
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Дүйнөлүк банктын жана Швейцария Элчилигинин өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруу маселеси боюнча жолугушту.
«Суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн суу ресурстарын башкаруу маселеси артыкчылыктуу саналат.
Буга байланыштуу Өкмөт тараптан суу тармагындагы долбоорлорду алга жылдыруу боюнча келип чыккан маселелерди чечүү жана бул жаатта оңдуу натыйжаларга жетишүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалат», - деп белгиледи ал.
Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Болормаа Амгаабазар өлкөнүн Өкмөтү менен суу тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча активдүү өз-ара аракеттешүүгө даярдыгын билдирди.
Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Вероник Ульманн белгилегендей, Швейцария Өкмөтү Кыргызстанга суу ресурстарын башкарууну өнүктүрүү маселесинде көмөк көрсөтүүгө даяр.
[su_carousel source="media: 119270,119271,119272,119273" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү