20
Февраль
Биринчи вице премьер-министр Кубатбек Боронов: Эл жана турак жай фондун сынамык каттоо үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өтөт
Эл жана турак жай фондун сынамык каттоо Чүй районунун жана Токмок шаарынын аймагында 2019-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиянын жыйынында билдирди.
Биринчи вице премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 23-октябрындагы «Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» токтому менен Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссия түзүлгөн.
«2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо бул жөн эле статистика эмес, бул өтө маанилүү мамлекеттик деңгээлиндеги чоң иш-чара. Каттоону ийгиликтүү өткөрүү максатында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу Календарлык планы иштелип чыккан. Ага 35 иш-чара киргизилип, алардын ичинен 10у аткарылган. Белгилей кетсек, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү өтө жай иштеп жатышат. Эмдигиче өлкөнүн бардык аймактарында административдик-аймактык чек аралар тактала элек. Жаңы көчөлөргө аталыш берүү, турак үйлөргө номерлерди берүү иштери аксап келе жатат», - деп баса белгиледи Кубатбек Боронов.
Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, республика боюнча аталышы жок көчөлөр – 5,3%, алардын көп бөлүгү Бишкек шаарында – 11,7%, Ош облусунда - 9,0, Талас жана Баткен облустарында – 6,7%. Аталышы бар, бирок тактачалары илинбеген көчөлөрдүн үлүшү 32,7%, ал эми катар саны коюлбаган үйлөр 34,0% түзөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Акылбек Султанов белгилегендей, кезектеги каттоонун мурдагы каттоолордон негизги айырмасы, КМШ жана ЕАЭБ мамлекет-мүчөлөрүнүн улуттук каттоо программасына эмгек ишмердиги жана миграция боюнча маселелердин моделдик блогун каттоо барактарына киргизүү болуп саналат.
Мындан тышкары, бүткүл дүйнөлүк каттоонун бул раунду КМШ мамлекеттеринде иш жүзүндө бир учурда өткөрүлөт, жана бул Шериктештиктин ар бир өлкөсүндө, жана КМШ да жалпысынан калктын санын кыйла тагыраак эсептөөгө мүмкүнчүлүк берет.
2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиянын жыйынынын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тийиштүү тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, Календарлык планды аткаруунун алкагында калктуу жерлердин жана көчөлөрдүн аталыштарын кайра атоого 2017-жылдын 1-сентябрынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин мораторий жарыяланган.
[su_carousel source="media: 129584" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү