10
Декабрь
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: Инженердик жана техникалык кызматтар cааттын механизми сыяктуу иштеш керек
Инженердик жана техникалык кызматтар cааттын мехнизми сыяктуу иштеш керек. Иш-кагаздарга байланыштуу маселелер ыкчам чечилиши шарт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Бишкек шаардык башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын «Бирдиктүү терезе» системасынын иши менен таанышкан учурда билдирди.
Биринчи вице-премьер-министрге «Бирдиктүү терезе» системасынын негизинде архитектуралык-техникалык жана инженердик-техникалык иш кагаздарды кабыл алуунун шарттары менен таанышты.
Кубатбек Боронов буюрма берген жактар министрликтерге, мекемелерге барбай, ушул «Бирдиктүү терезе» системасынан өзүнө керектүү жоопторду алгандай болуш керектигин белгиледи.
«Биздин максат: жарандар бюрократиялык процедуралардан улам убакыттан уттурбаш керек. Кандайдыр бир документтерди алууда ыңгайсыздыктарды сезбөөгө тийиш. Буга байланыштуу мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик органдар тарабынан көп иштер жасалууда. Пландалган иштерди аткаруу улана бермекчи», - деди Кубатбек Боронов.
Биринчи вице-премьер-министри мындан тышкары Бишкек шаарындагы курулуштардын тышкы көрүнүшү боюнча дагы маселени кайтты.
«Борбор шаардагы турак жайлардын тышкы көрүнүшүн ирээтке келтирүү боюнча дизайн-код жана стандарттарды иштелип чыгышы керек», - деди биринчи вице-премьер-министр.
Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин «Бирдиктүү терезе» системасынын иши менен таанышты.
Мамлекеттик агенттиктин «Бирдиктүү терезе» системасына курулуш, архитектура жана талдоо жүргүзүүгө байланыштуу бир нече кызматтар бириктирилген. Тутумдан архитектуралык-пландык шарттар, инженердик-техникалык шарттар, архитектуралык-техникалык корутунду берүү боюнча кызмат көрсөтүлөт.
«Учурда экспертизалардын ар кандай түрлөрү бар. Ал Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарына ылайык, түрдүү министрлик жана ведомстволор тарабынан өткөрүлөт. «Бирдиктүү терезе» тутумунун жүзөгө ашырылышы менен адамдык фактордун таасирин максималдуу жоюлат жана мөөнөтүн кыскартат. Жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында иштеп жаткан «Бирдиктүү терезе» тутуму мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөгү коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган. «Бирдиктүү терезе» системасынын жүзөгө ашырылышы менен керектүү иш кагаздарды алууга кыйла аз убакыт кетет. Маселен, буга чейин документтерди алуу, тиешелүү экспертизадан өткөрүү үчүн 180 күн кетсе, учурда ал 30 күнгө кыскарды», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.