07
Август
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов курулуш тармагында чечүү зарыл болгон негизги маселелерди белгиледи
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов курулуш тармагындагы уруксат берүү процедураларын оптимизациялоо маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Регулятивдик реформа кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү кеңешинин курулуш тармагындагы ченемдик укуктук актыларды оптимизациялоо маселелери боюнча чечимдерин аткаруу талкууланды.
Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке киргизилген регулятивдик реформанын алкагында ЕККУ менен биргеликте ишкерликти жөнгө салган жана ага карата сунуштарды иштеп чыккан ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ири иштер жасалган.
«Долбоордун негизги максаты – учурдагы тоскоолдуктарды аныктоо, мыйзамдагы карама-каршылыктарды жана кайталоолорду четтетүү, коррупциялык тобокелдиктердин тамырын кыркуу болуп саналат. Курулуш тармагындагы ченемдик укуктук базаны оптимизациялоо бизнести жүргүзүү жана бул тармакка инвестицияларды тартуу шарттарын жакшыртууга шарт түзөт », - деп баса көрсөттү Кубатбек Боронов.
Мындан тышкары курулуш тармагындагы актуалдуу маселелердин арасында кеңешменин катышуучулары тарабынан үлүштүк курулуш боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу маселеси каралды.
Талкуулардын жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде курулуш тармагындагы ченемдик укуктук актыларды оптимизациялоо иштерин тездетүүнү милдеттендирди. Ошону менен бирге КЧжЭлерди актуалдаштыруу, автоматташтыруу жана «Бирдиктүү терезе» принциптерин киргизүү жолу менен курулушка уруксат кагаздарын берүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүү сунуштарын киргизүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 120950,120951,120952,120953,120954" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү