02
Июль
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Санариптик Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Санариптик Кыргызстан» санариптик трансформациялоо концепциясын жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө министрликтердин жана ведомство жетекчилери мурунку кеңешменин жыйынтыгында берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалымат беришти.
Кубатбек Боронов санариптештирүү өлкөнүн экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
«Биздин алдыбызда «Санариптик Кыргызстан» санариптик трансформациялоо Концепциясын эффективдүү ишке ашырууга керектүү иштерди аткаруу милдети, анын ичинде Коопсуздук кеңешинин алдыбызга койгон тапшырмалары турат. Ведомстволор аралык маалымат алмашуу үчүн мамлекеттик органдардын бардыгы «Түндүк» системасына кошулушту, бирок жеткиликтүү деңгээлинде эмес экендигин учурдагы кырдаал көрсөтүп турат», - деди ал.
Биринчи вице-премьер-министр квалификациялуу IT-адистерин даярдоо ишин күчөтүү керектигин баса белгиледи. Аны менен бирге иштин оң натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бирдиктүү электрондук маалыматтар базасын түзүү, «Мектепке электрондук жазылуу», социалдык колдоо көрсөтүү жана башка бирдиктүү системаны ишке ашыруу боюнча иштер башталгандыгын белгилесе болот.
««Digital CASA» долбоорунун алкагында регионалдык Дата-борборлорун куруу, аймактарды интернет менен камсыз кылууну тездетүү зарыл. Санариптик технологиялар кылымында Кыргызстан маалымат, байланыш мүмкүнчүлүктөрү кенен өлкө болуусу керек», - деп билдирди Кубатбек Боронов.
Кеңешменин жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр «Түндүк» системасына кошулуу ишин күчөтүү үчүн бардык мамлекеттик мекемелерге, ар бир мамлекеттик орган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук форматына өтүү процедурасын тездетүүнү тапшырды.
Кубатбек Боронов айтылган тапшырмаларды өз убагында аткарбаган жетекчилер жеке жоопкерчиликке тартылаарын билдирди.
[su_carousel source="media: 134740,134741,134742,134743" limit="16" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү