01
Ноябрь
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Түндүк» тутумун ишке киргизүү алкагында мамлекеттик органдарга кыска мөөнөттө алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууну тапшырды
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумун киргизүү алкагында Мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалыматтар базасын иштеп чыгуу планын аткаруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кубатбек Боронов белгилегендей, бүгүнкү күндө «Тундук» Интернет-сайты иштелип чыккан, анда тутумдун катышуучулары бардык кызыктырган суроолорго жооп ала алышат. Буга катар мамлекеттик органдардын «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумуна кошулуусунун жүрүшү чагылдырылууда. Мындан тышкары, «Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын адистери тарабынан бардык мамлекеттик органдарды консультациялык жана техникалык жактан колдоо ишке ашырылууда.
«Түндүк» электрондук өз-ара аракеттешүү тутумун ишке киргизүү маселеси Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө турат. Биз мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик органдардын бардык маалыматтык ресурстарына бирдиктүү жеткиликтүүлүктү түзүү менен тейлөө көрсөтүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүүгө умтулуудабыз. Буга байланыштуу жалпы мамлекеттик органдардын жетечилери бул багыттагы ишти бекитилген планга ылайык, өз мөөнөтүндө жана активдүү жүргүзүүсү тийиш», - деди биринчи вице-премьер-министр.
Кеңешменин жүрүшүндө Планды аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын отчеттору угулду, анда бир катар министрликтердин жана ведомстволордун аны өз мөөнөтүндө аткарбагандыгы аныкталган. Ошону менен бирге «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» МИ жүргүзгөн талдоонун мамлекеттик органдар тарабынан сунушталуучу жана суралуучу маалымдамалар тууралуу жыйынтыктары сунушталды.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кубатбек Боронов мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди, тагыраагы кыска мөөнөттө алардын алдына коюлган милдеттерди ишке ашырууну тапшырды.
Бир нече министрликтер жана ведомстволор эки жумалык мөөнөттө Планда көрсөтүлгөн маалыматтар базасын киргизүүгө жана аны «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» МИ жөнөтүүгө тийиш. Мындан тышкары такталбаган жана берилбеген маалымдамалар боюнча сунуштарды жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле ачыктыкты арттыруу жана акы төлөнүүчү тейлөө кызматтары менен акылуу негиздеги маалымдамалар үчүн дүмүрчөк талап кылууну жоюу үчүн мамлекеттик төлөм шлюзуна кошулуу милдеттендирилди.
[su_carousel source="media: 125305,125306,125307,125308,125309,125310" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү