07
Март
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Түндүктү» кошуу жана ал аркылуу маморгандардын ортосунда маалымат алмашуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумун кошуу жана ал аркылуу мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.
Кубатбек Боронов белгилегендей, өлкө Өкмөтү жарандар үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу киргизүүнүн бардык зарыл чараларын көрүүгө тийиш.
«Белгилүү болгондой, жер-жерлерде маалым каттарды берүүдө коррупциялык көрүнүштөр бар, мындан тышкары, алыскы аймактардын жашоочулары тигил же бул маалым катты алуу үчүн алыс жол тартууга жана узак кезектерге турууга мажбур болушууда. Эми мамлекеттик органдардын «Түндүк» тутумуна кошулуусу жана маалыматтык технологиялардын киргизилиши менен бул маселе автоматтык түрдө чечилет. Бирок бул үчүн мамлекеттик органдар ар бири өз багытында санариптештирүү боюнча иштерге киришүүгө тийиш. Бүгүнкү күнү бул мамлекеттик органдардын алдында турган негизги милдеттердин бири», - деди биринчи вице-премьер-министр жана коюлган милдеттерди аткаруудагы ар бир жетекчинин жоопкерчилигин белгиледи.
Кубатбек Боронов басым жасагандай, маалыматтар базасын иштеп чыгуу жана киргизүү, аларды «Түндүк» тутумуна кошуу бардык мамлекеттик органдардын артыкчылыктуу милдети болуп саналат.
Ошондой эле анын айтымында, маалым каттарды кагаз түрүндө берүүнү жана талап кылууну токтотуу керек, андан соң «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу маалым каттар менен алмашууну камсыздоо зарыл. Ошондон улам иштелип чыккан автоматташтыруу Планына ылайык иштөө жана аны баскычтуу ишке ашырууну баштоо керек.
Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, учурда 56 ведомство жана 8 коммерциялык уюм менен келишимдер түзүлгөн. 39 министрлик («Түндүк» тутумунун коопсуздук тутуму орнотулган), ведомство жана алардын ведомстволук түзүмдөрүн кошуу боюнча техникалык иш-чаралар аткарылды. 12 мамлекеттик органдын ортосунда маалымат алмашуу камсыздалган.
Мындан тышкары бүгүнкү күнү 18 мамлекеттик органда 56 маалымат базасы иштелип чыккан.
Мамлекеттик органдар тарабынан кагаз түрүндө берилген айрым маалым каттарды электрондук түргө өткөрүү боюнча жүргүзүлгөн талдоо тууралуу маалымат угулуп жана талкууланган соң жетекчилерге тийиштүү тапшырмалар берилди, анын ичинде маалыматтар базасын толук иштеп чыгуу милдеттендирилди.
[su_carousel source="media: 130119,130120,130121,130122,130123,130124" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү