13

Февраль

2019

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты, анын жүрүшүндө министрликтин 2018-жылкы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, 2019-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.

ӨКМ статс-катчысы Азамат Мамбетов маалымдагандай, 2018-жылы республика боюнча жалпысынан ар кыл мүнөздөгү 99 кырсык катталган, анын натыйжасында, 1 млрд сомдон ашуун материалдык зыян келип түшкөн.

Анын айтымында, 2017-жылга салыштырмалуу кырсыктардын жана курмандыктардын саны кескин кыкаргандыгына карабастан, материалдык жоготуулардын суммасы 15 %га өскөн. Бул өлкөнүн ар кыл ири рынокторунда бир нече ирет өрт чыгуусуна байланыштуу орун алган.

Ошондой эле Азамат Мамбетов жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу жана анын алдын алуу, издөө-куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү жана башка шашылыш иштерди уюштуруу жана жүргүзүү боюнча чаралар  жөнүндө кеңири маалыматты сунуштады.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов министрликтин талдоо ишин күчтөндүрүүнүн жана өзгөчө кырдаалдардын ыктымалдыгын кыскартуу максатындагы иш-чараларды өз учурунда жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Буга катар ал жетекчилик тараптан көзөмөлдү күчөтүүнүн жана ӨКМ кызматкерлеринин аткаруучулук тартибин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинин өзгөчөлүгү бардык иш-чараларга жана тапшырмаларга ыкчам жооп кайтарууну талап кылат. Кээде айрым маселелердин чечилиши түшүнүксүз себептерге байланыштуу создуктурулуп жаткандыгына күбө болуудабыз. Сиздердин иште мындай нерсеге жол берилбеши керек», - деди Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр ӨКМ жетекчилигинин көңүлүн кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарды өз учурунда көчүрүү, бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу өздөштүрүү, ошондой эле башка тийиштүү мамлекеттик органдар менен өз-ара аракеттешүүнү күчтөндүрүү маселесине бурду.

Мындан тышкары, Кубатбек Боронов белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу алкагында ӨКМ жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишин санариптештирүүгө колдон келген күч-аракетти жумшоо зарыл.

Коллегиялык жыйын соңунда министрликтин жетекчилигине бардык талкууланган маселелер боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

[su_carousel source="media: 129333,129334,129335,129336,129337,129338,129339" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү