16

Март

2019

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана ӨР Премьер-министринин биринчи орун басары эки жактуу кызматташуу маселелерин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) Борбор Азия экономикалык форумуна катышуунун алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары - транспорт министри Ачилбай Раматов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Тараптар кыргыз-өзбек мамилелеринин бардык багыты боюнча конструктивдүү диалог жүргүзүү ниеттерин ырасташып, соода, инвестициялар жана транспорт тармактарында, ошондой эле суу-энергетикалык маселелеринде эки жактуу кызматташтыктын актуалдуу жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Мындан тышкары Кубатбек Боронов жана Ачилбай Раматов акыркы жылдары эки тараптуу товар жүгүртүүнүн көлөмү көбөйгөнүн канааттануу менен белгилешти жана оңтойлуу динамиканы жана зор потенциалды эске алуу менен эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өстүрүү боюнча макулдашышты.

 [su_carousel source="media: 130365" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

 Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү