26
Декабрь
Биринчи Вице-премьер-министр Лейлек районунун акимин кызматтан бошотууну сунуштады
Бүгүн, 25 декабда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашев КР Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында өткөн КР Өкмөтүнүн жыйынында сөз сүйлөдү.
«КР Өкмөтү бардык облустардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондордун акимдерине ондон кем эмес мекеме-ишканаларды ачуу тапшырмасын койгон. Бирок айрым акимдер бул тапшырманы аткара алган жок»,-деди Аалы Карашев.
Мындан улам, Лейлек районунун акими Тилеберди Ариповду ээлеген кызматынан бошотуу жана Сузак, Кара-Кулжа, Түп, Кочкор райондорунун акимдерине жана Талас районунун акиминин биринчи орун басарына сөгүш, аны менен катар Балыкчы шаарынын мэрине жана Базар-Коргон районунун акимине эскертүү берүүнү сунуштады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү