23
Апрель
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев 1916-жылдагы окуяларга арналган мемориалдык комплекстин курулушунун жүрүшү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 23-апрелде, Чүй облусундагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде курулуп жаткан “1916-жылдагы кайгылуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун элесине арналган мемориалдык комплекстин” курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевге обьектидеги курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, комплекстин курулушу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин «1916-жылдагы кайгылуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун элесине арналган мемориал жөнүндө» Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген 1916-жылдагы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү планынын алкагында башталган.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев 1916-жылдагы окуялардын 100 жылдыгын өткөрүүнүн тарыхый маанисин белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга баардык курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү