29
Сентябрь
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Ар бир райондо бирден мал соючу цех болушу керек
Республика боюнча ар бир райондо бирден мал союучу цех болуп, азык-түлүктүн сапатын көтөрүп, калктын ден-соолугуна кам көрүү максатында, үйдө союлган малдын эти базарларга киргизилбеши керек. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абугазиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу тууралуу жыйынында билдирди.
Жыйында адистер республика боюнча бардык мал-жандыктар тууралуу маалыматты бирдиктүү системага киргизип, аны борборлоштурулган реестр аркылуу көзөмөлдөп туруу программасынын бет ачары сунуштады.
Биринчи вице-премьер-министр Өкмөттүк деңгээлде ар бир райондун администрация башчыларын чакырып, аймактарда элди айыл-чарба тармагын жакшыртууга, түшүмдү мол алуудагы жаңы ыкмаларды жана мал багуудагы асыл тукумдуулукту арттырып, заманбап ыкмаларды өздөштүрүүнү үйрөтүү керектигин эскертти.
«Өлкөдө калктын 65% айыл жергесинде жашаса, анын 70-80% мал багып, талаачылык менен эмгектенет. Биздеги эң чоң көйгөй айыл-чарба тармагында сапаттуулукту көтөрө албай жатабыз. Ошондуктан Өкмөт башчысынын демилгеси менен бардык аймактарда кооперативдерди уюштуруп, заманбап ыкмалар тууралуу билим алып, сандан сапатка өтүүгө убакыт келди», - деди Мухамметкалый Абугазиев.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан учурда бардык аймактарда ветеринария жана фитосанитария тармагындагы жаш адистер атайын окуудан өтүп, чет мамлекеттер менен тажрыйба алмашуу иштерин өздөштүрүүдө.
Учурда республика боюнча 5,6 млн. ашык майда жана 1,5 млн. ашык бодо мал болгону менен алардын эт жана сүт багытындагы пайдалуулугу аз болууда.
Соңунда Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына, ар бир районго мал союучу цехтерди ачууга канча каражат жана убакыт кетерин эсептеп чыгуу жана аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн тез арада карап чыгуу тапшырмасын берди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү