09

Февраль

2017

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Айыл чарба тармагында эски отчеттор менен эмес, жаңы пландар менен иш алып баруу зарыл

Айыл чарба тармагында эски отчеттор менен эмес, жаңы пландар менен иш алып баруу зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2016-жылды жыйынтыктаган коллегиясында билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр тармактын ишин сынга алып, азыркы заманбап ыкма менен иш алып баруу керектигин эскертти.

«Азыркы тапта айыл чарба тармагында ар бир район өз аймагында климаттык шартты эске алып, азык-түлүктүн кайсы түрүн айдаса түшүмдүүлүк мол болуп, киреше булагы артат, мына ушуга көңүл бурушу керек. Акимдер, райондогу айыл чарба тармагындагы адистер бул багытта айылдагы дыйкан-фермерлер менен жолугушуп, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатат. Айыл чарба тармагын көтөрүүдө жергиликтүү  бийлик өкүлдөрүнүн ролу чоң»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Жыйында жалпы болуп  4 маселе каралып, айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев республика боюнча кайра иштетүү тармагы боюнча маалымат берди.

Министрдин орун басары 2017-жылы ишке аша турган тармактын негизги пландарына токтолуп, анда кооперативдерди күчөтүүгө, асыл тукумдуулукту арттырууга жана айдоо аянттарын кеңейтип, сугат суу менен камсыз кылууга басым жасаларын кошумчалады.

Быйыл 2016-жылга салыштармалуу өсүмдүктөрдү өстүрүү 25% көбөйүп, анын эсебинен экпортко чыгарылуучу азык-түлүктөрдүн көлөмүн арттыруу пландалууда.

[su_carousel source="media: 89739,89740,89741,89742,89743,89744,89745,89746,89747" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү